Митинг өткөрүп жаткан майыптарга социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев келип жолукту

Өкмөт үйүнүн чыгыш тарабындагы эшигинин алдында митинг өткөрүп жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев келип жолукту.
Автор: Бекжан Рыскулов
Фото: Бекжан Рыскулов
Министр "Силердин коюп жаткан талабыңардын баары туура. Бирок бул жерден дароо чече коюучу талаптар эмес. Жай отуруп чечүү керек" деди эле, митингчилер буга макул эместигин айтып, "Алдыбызга вице-премьер-министр Камила Талиева чыксын!" деп талап кылышууда. Алар коомдук кабылдамага кирүүдөн да баш тартып жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

