Алайда эки айылды байланыштырган көпүрөнү сел агызып кетти

Бүгүн Ош облусунун Алай районундагы бир нече айылда сел жүрдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ага ылайык, саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында кокту-колоттордон суу агып, сел жүргөн.
Сел турак үйлөрдүн короолоруна кирген, жарандар жабыркаган эмес.
"Ошондой эле Гүлчө айылы менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен. Учурда жарандар айылдагы башка көпүрө менен каттап жатышат.
Тиешелүү кызматтар жеринде иш алып барууда. Ал эми сел алып кеткен көпүрө эки күндүн ичинде калыбына келтирилет", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.