Калыкбек Султанов: “Түндүк-Түштүк кошумча жолу курулуп калса, Жалал-Абаддан Бишкекке жетүү 2 саатка тездейт
Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолу курулуп калса, Жалал-Абаддан Бишкекке жетүү азыркыдан 2 саатка тездейт. Муну ЖКнын 28-ноябрдагы жыйынында транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов айтты. “Азыр Жалал-Абаддан Бишкекке чейинки жолдун узундугу 570 чакырым болсо, жаңы жолдун узундугу 660 чакырымды түзөт. Бирок жол жүрүү тездейт, анткени жаңы жолдо ашуулар жок. Жалал-Абаддан Бишкекке жетүү 2 саатка, кышкысын 4 саатка кыскарат. Ал эми Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө барчу жол 310 чакырымга кыскармакчы”,- деди министр.
Айта кетсек, жаңы жол Жалал-Абаддан чыгып Нарын, Ысык-Көл облустарын аралап өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
2

