super.kg logo

Ошто алдамчылыкка шектелип мурда 8 жолу соттолгон адам кармалды

 
Ошто жарандардын автоунааларын алдап алып, из жашырган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБинен билдиришти.
Билдирүүдө жазылгандай, шектүү 2021-жылдын 15-ноябрында Ош шаарынын тургунуна таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 220 миң сомго баалашып, ошол боюнча изин жашырып кеткен. Ал эми 21-ноябрь күнү дагы бир жарандын Нива-2121 үлгүсүндөгү унаасын дагы ушундай эле жол менен алып, башка бирөөгө арзаныраак сатып жиберип качып кеткен. Учурда шектүүнүн үстүнөн 4 арыз бар.
Шектүү Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган Ч.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ч.А.нын үстүнөн Кылмыш кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү мурда 8 жолу соттолгондугу, өзү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2016-жылдан бери тургандыгы маалым болду.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү шектүү жарандан жабыр тарткан адамдар болсо 03222-4-82-82, 0555-65-65-65 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: