Футзал: "Президенттин администрациясы" "Спорттук федерацияларды" жеңип, жарым финалга чыкты
Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясы" футзал боюнча "Мурас" турниринин жарым финалына чыкты. Алар чейрек финалдык оюнда "Спорттук федерацияларды" жеңип алды. Тараптар беттештин негизги убактысында 2:2 эсебинде тең чыгышты. Голдорду "Президенттин администрациясынан" Садыр Жапаров менен Алмазбек Абытов киргизсе, "Спорттук федерациялардын" катарынан Канат Шабданбаев дубль жасады.
Негизги убакыттын жыйынтыгында жеңүүчү аныкталбагандыктан, оюн калысы пенальтилер сериясын белгиледи. Анын жыйынтыгында "Президенттин администрациясы" 4:3 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алды.
Пенальтилер сериясы: "Президенттик админстрация" - "Спорттук федерациялар"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.