Футзал: Муфтий баштаган "Ыйман" командасы "Журналисттерди" жеңип, жарым финалга чыкты
Муфтий Замир Ракиев баштаган "Ыйман" командасы футзал боюнча "Мурас" турниринин чейрек финалында "Журналисттерди" жеңип, жарым финалга жолдомо алды. Оюн 2:1 эсебинде дин өкүлдөрүнүн жеңиши менен аяктады.
Беттештеги голдорду "Ыйман" командасынан Нийматилла Топчуев менен Жоробай Шергазиев киргизсе, "Журналисттерден" Жаныбек Эсенелиев жалгыз гол менен жооп кайтарды. "Ыйман" командасы жарым финалдык баскычка чыккан экинчи команда.
Буга чейин Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясы" да атаандаштарын утуп, жарым финалга чыккан.
Чейрек финал: "Ыйман" - "Журналисттер"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.