Футзал: "Жогорку Кеңеш" чейрек финалда "Бизнес" жаатын жеңип, мелдештин жарым финалына чыкты
Төрага Талант Мамытов баштаган "Жогорку Кеңеш" командасы футзал боюнча "Мурас" турниринин чейрек финалында ишкерлерден куралган "Бизнес" жаатын утуп, жарым финалга жолдомо алды.
Тараптардын оюну 3:3 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталып, эл өкүлдөрүнөн Шаирбек Ташиев, Бактыбек Чойбеков жана Нурлан Ражабалиев гол жаратса, ишкерлерден Максатбек Ишенбаев, Бакыт Каипов жана Рашид Сеитов өзгөчөлөнүштү. Беттештин жыйынтыгында жеңүүчү аныкталбагандыктан оюн калысы пенальтилер сериясын белгиледи.
Ал эми пенальтилер сериясы 3:1 эсебинде "Жогорку Кеңештин" жеңиши менен аяктады. Муну менен мелдештин бардык жарым финалчылары аныкталды. Алар "Президенттин администрациясы", "Ыйман", "Алга" жана "Жогорку Кеңеш" командалары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.