Футзал: Садыр Жапаров 4 гол киргизип... "Президенттин администрациясы" мелдештин финалына чыкты
Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясы" футзал боюнча мелдештин жарым финалында "Алга" командасын жеңип алды.
Тараптардын беттеши 4:0 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш алып келген 4 голду тең Садыр Жапаров өзү киргизди.
Муну менен "Президенттин администрациясы" биринчи болуп финалдык баскычка чыкты.
Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров тайпалык баскычтан берки 4 беттеште жалпы 10 гол киргизип, бомбардирлердин тизмесинде 1-орунда келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.