super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте журналист Геннадий Павлюктун эстелиги ачылат

 
Бишкек шаарында журналист Геннадий Павлюктун калыбына келтирилген эстелигинин ачылышы болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Эстелик баш калаадагы мурдагы ордуна, Байтик баатыр көчөсүндөгү Касымалы Баялинов атындагы китепкананын жанына орнотулат жана иш-чара 10-декабрь күнү саат 11:00дө болмокчу.  Журналисттин эстелиги ушул жылдын май айында уурдалып, Бишкектеги жаңы конуштардын биринен табылган. Эске салсак, журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы декабрь айында Алматы шаарындагы көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, бир нече күн ооруканада жатып, комадан чыкпай каза болгон. Аны коомчулук Курманбек Бакиевдин учурунда бийликтен кордук көрүп, режимдин колунан өлүм тапкан курмандыктардын бири деп билет. Павлюк оппозициялык маанайдагы “Белый пароход” гезитин жетектеп, "Ата Мекен" партиясынын интернет-басылмасын жана гезитин чыгармакчы болуп жүргөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: