Дастан Жумабеков өз дарбазасына гол киргизип алып... Финалдык беттештин урунттуу учурлары
Бүгүн, 5-майда Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн футзал турнири жыйынтыкталды. Аталган мелдештин финалдык беттешинде "Президенттин администрациясы" менен "Жогорку Кеңеш" кез келип, 7:3 эсебинде Садыр Жапаров баштаган команда жеңишке жетишти.
Финалдык оюн бир катар кызыктуу окуялар менен коштолду. Алсак Садыр Жапаровдун хет-трик жасаганы, Дастан Жумабековдун автоголу жана дарбазачылык милдетте турган Эмил Жамгырчиевдин бир канча оюнчуну жазгырып өтүп киргизген голу беттештин эң кызыктуу көз ирмемдеринен болуп калды. Төмөндө беттештин урунттуу учурларын сунуштайбыз.
"Президенттин администрациясы" - "Жогорку Кеңеш"беттеши. Урунттуу учурлар
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.