Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды
Селден улам жабылган Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-майдын түнүндө саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-54-чакырымын каптаган. Буга байланыштуу каттам жабылган.
"Жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин натыйжасында унаа жолу бир тараптуу ачылды. Учурда тазалоо иштерине 1 жүктөгүч тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.