super.kg logo

Быйыл "Өлбөс полктун" жүрүшү 88 өлкөдө өтөт

 

Быйыл "Өлбөс полктун" жүрүшү 88 өлкөдө өтөт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз департаментинин директорунун орун басары Алексей Зайцев брифингде билдирди.

Маалыматка ылайык, салттуу иш-чаралар – "Георгий лентасы", "Өлбөс полк", белгисиз жоокерлердин мүрзөлөрүнө гүл коюу жана согуштун курмандыктарын эскерүү иш-чаралары дээрлик 130 мамлекетте өткөрүлөт. Быйыл "Өлбөс полктун" жүрүшү 88 өлкөдө өтөт. Аларды орусиялык мекендештер уюштурууда.

"Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл биринчи жолу Венесуэлада өткөрүлөт. Жүрүш Аргентина, Беларусь, Болгария, Иордания, Испания, Кыргызстан, Никарагуа, Сербия жана башка өлкөлөрдө өтөт», - деди ал.

Эскерте кетсек, 9-майда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата митинг-реквием өтөт. Иш-чара Бишкек гарнизонунун аскерлеринин катышуусу менен өтөт. Ошондой эле "Солдат кашасы" уюштурулуп, согуш учурундагы курал-жарактар жана аскердик техникалар көрсөтүлөт.Эскерүү иш-чарасына согуштун ардагерлери жана оруктун эмгекчилери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле борбор шаардын тургундары жана коноктору чакырылган.

"Өлбөс полктун" жүрүшү Түштүк дарбазада башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: