Жол кырсыгынан "Бишкекводоканал" ишканасынын 2 кызматкери жабыркады
Жол кырсыгынан "Бишкекводоканал" ишканасынын 2 кызматкери жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-майда саат 10:30да Анкара көчөсүндөгү шаардык муз тебүүчү аянтчанын тушунда жол кырсыгы катталып, анда "Бишкекводоканал" башкармалыгынын 2 кызматкери жабыркаган. Авариялык бригада көчө канализациясынын тыгынын жоюу үчүн изилдөө иштерин жүргүзгөн учурда эки унаа сүзүшкөн. Окуя болгон жерге "Тез жардам" жана МАИ кызматкерлери чакырылган. Жабырлануучулар 4-шаардык ооруканага жеткирилген.
Белгилеп кетсек, жол тилкесинде кызматкерлер сигналдык жилет кийип иштеп жатышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.