super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев ШКУнун өкмөт башчылар кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Ташкентке учуп кетти

 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчылар кеңешинин 12-отурумуна катышуу үчүн Ташкентке учуп кетти. Бул тууралуу 28-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Ташкенттеги жолугушуунун катышуучулары ШКУга мүчө өлкөлөрдүн иштиктүү кызматташуусун тереңдетүү маселелерин талкуулашат. Транспорт тармагында өз ара мамилелерди кеңейтүү, ишенимдүү транспорттук-логистикалык чынжырларды жана коридорлорду түзүү келечегин кароо пландаштырылууда. 
Мындан сырткары эл аралык ташууларга ыңгайлуу шарттарды түзүү тууралуу өкмөттөр аралык келишимге кол коюу күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында катышуучулардын бир катар эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган. 
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларынан тышкары бул жыйынга ШКУнун байкоочу өлкөлөрү – Монголия, Пакистан, Индия, Ооганстан, Ирандын жана БУУнун, КМШнын өкүлдөрү катышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: