super.kg logo

Байланыш кызматкери – сыймыктуу угулат. О! Мобилдик операторунан куттуктоо

 

О! Мобилдик оператору Кыргызстандын байланыш жана телерадиоберүү тармагынын бардык тармактарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Поповдун 1895-жылы дүйнө жүзүнө радиону сунуштаган күнүнөн бери бул тармак бир кыйла илгериледи.

Мисалы, 2014-жылы кыргызстандыктар О! түйүнүндө 4GLTE интернетинин жогорку ылдамдыктагы технологиясын биринчилерден болуп сынай алышты. Ал эми бүгүнкү күндө колуңуздагы смартфон менен эле түз эфирлерди көрүп, сатып алууларды төлөө көнүмүш иштерге айланып калды.

О! абоненттери кайсы жерде болушпасын, эң заманбап байланыш технологияларына кирүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп келишет. Ал эми О! Мобилдик оператору бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 99%ынан көбүрөөгүн 4G/3G/2G тармагы менен камтыган лидер болуп саналат.

Түйүндүн жана бирдиктүү О! санариптик экотутумунун иштөөсү эң алгач байланыш кызматкерлеринин талыкпаган эмгегинин натыйжасында ишке ашууда. Жайдын чилдесине, бурганак, бороонго же нөшөрлүү жаанга карабастан – алар тармакты куруп, мониторинг жүргүзүп, тестирлөөдөн өткөрүшөт, кандайдыр бир бузулуулар болуп калса, алардын алдын алып, күнү-түнү оңдоп, түйүндү калыбына келтиришет.

Биздин адистердин кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги, жаңычылдык менен күжүрмөн эмгеги маалыматтык технологиялар жана байланыш тармагынын техникалык дараметин мындан ары дагы күчөтүүгө багытталмакчы. Алардын аткарган туруктуу жана ишенимдүү жумуштарынан мамлекеттин татыктуу өнүгүүсү гана эмес, ар бир жарандын жашоосунун сапаты дагы көз каранды.

Тармакта эмгектенген бардык кызматкерлерге ден-соолук, бакубат жашоо жана коом үчүн ары татаал, ары маанилүү иштеринде албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

О! Мобилдик оператору – сиздин жогорку ылдамдыктагы интернет ааламына жол көрсөткүчүңүз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: