super.kg logo
  Саясат  

Министрлер митингчилердин талабын угушту (фоторепортаж)

 
Вице-премьер-министр Камила Талиеванын майыптар менен жолугушуу учурунан.
Майыптар Өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүшүүдө.
Алар колдоруна жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан
Митингге республиканын ар кайсы аймактарынан келген жарандар катышышты.
Митингтин катышуучулары.
Митингдин катышуучулары.
Өкмөт үйүнүн алдына эч ким чыкпагандыктан, митингтин катышуучулары Өкмөт үйүнүн чыгыш тарабындагы эшигине өтүштү.
Митингдин катышуучулары Өкмөт үйүнүн чыгыш тарабындагы эшигинин оозунда турушат.
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин митингдин катышуучулары менен жолугуп жаткан учуру
Митингдин катышуучулары Өкмөт үйүнүн коомдук кабылдамасына кирип бара жатышкан учуру
Митингдин катышуучулары Өкмөт үйүнүн коомдук кабылдамасына кирип бара жатышат.
Митингдин катышуучуларынын баары коомдук кабылдамага киришти
Вице-премьер-министр Камила Талиева, Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев майыптар менен жолугушуп, алардын талаптарын угушууда.

"Биз майыптарды бөлбөшүбүз керек". Мындай билдирүүнү бүгүн вице-премьер-министр Камила Талиева майыптар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, башка мамлекеттерде майыптарды бөлүшпөйт. Аларды коомдун толук кандуу мүчөсү катары кабыл алышат.

“Кыргызстанда 73 600дөн ашык майып бар. Чынында, бөлүнгөн жөлөк пулдун суммасы аз. Биз аны жогорулатуунун жолдорун карап жатабыз. Бирок ошол эле учурда таптаза туруп эле жөлөк пул алып жаткандары да бар. Ошол тармактагы коррупциялык иштерди жолго салуу менен быйыл 350 миллион сом үнөмдөдүк. Анан дагы акча майыптардын колуна түз тийиши керек”,- дейт Камила Талиева.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандагы майыптар биримдигинин мүчөлөрү Ак үйдүн, Өкмөт үйүнүн алдында митинг уюштурушкан. Алар социалдык төлөмдөрдү, мамлекеттик жардамдарды көбөйтүүнү жана Жогорку Кеңеш майыптардын укугу боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алуудан мурда, ички мыйзамдарды жолго коюуну талап кылып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: