Көк бөрү: "Мурас" командасы "Бакубат-Таласка" жеңилип Жогорку Лига менен коштошту
Ысык-Көлдүн "Мурас" командасы Жогорку лигада калуу үчүн болгон беттеште "Бакубат-Талас" командасына жеңилип калды. Тараптардын беттеши 5:1 эсебинде Талас облусунан келген команданын жеңиши менен аяктады.
Оюнда "Бакубат-Таластын" катарынан Мааданбек Алтынбек уулу 3 салым жана Нурбек Ашымбек уулу 2 салым таштады. Ал эми "Мурастын" жалгыз улагын Назар Кошумбаев жаратты.
"Мурас" командасы муну менен Жогорку лигада оюн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, Биринчи лигага түштү. Анын ордуна эртең Биринчи лигада жеңүүчү болгон команда келет.
Эске салсак, Биринчи лигада финалга "Көк бөрү мектеби" жана "Алай" командалары чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.