super.kg logo
  Саясат  

Орусияда Кыргызстандын жарандарына 2013-жылы 10 ай ичинде 76,1 миң патент берилген

 

Орусияда Кыргызстандын жарандарына 10 ай ичинде 76,1 миң патент берилген. Бул тууралуу 28-ноябрда Орусиядагы Федералдык миграциялык кызматынын маалыматына таянып Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылы Орусия Федерациясына кирүүгө 31 694 адамга тыюу салынган.  Мындан сырткары 10 ай ичинде Орусияга 584 миң кыргызстандык кеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 25,9 пайызга көп (2012-жылы 464,2 миң). 

Орусия 9 ай ичинде Кыргызстандын 44 жаранын депортациялоого, 2 545 жаранын административдик негиз боюнча өлкөдөн чыгарууга чечим чыгарган. 

Ошондой эле көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 74,8 миң жумушка орношуу боюнча уруксат берилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 23,8 пайызга аз. Анын ичинде квалификациясы бар адистерге – 3,5 миң жана жогорку квалификациядагы 142 адиске уруксат берилген. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: