super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү: "Алай" командасы алгачкы жолу Жогорку Лигага жолдомо алды

 

Бүгүн, 9-май күнү Улуу жеңиш майрамына карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылында өтүп жаткан көк бөрү турниринин финалдык беттештери орун алууда. Алгачкы финалдык оюнда "Алай" командасы "Көк бөрү мектеби" менен күч сынашып 5:1 эсебинде жеңип алды.

Оюнда "Алайдын" катарынан Баяман Муралим уулу мыкты оюн көрсөтүп 4 салым таштаса, Адилет Мамасали уулу 1 улак салды. Ал эми "Көк бөрү мектебинин" жалгыз упайын Эшмурат Эшмуратов жаратты.

"Алай" командасы муну менен Биринчи Лигада жеңүүчү аталып, кийинки турнирлерде Жогорку Лигада оюн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Белгилей кетсек, "Алай" командасы "В" тайпасында "Ош шаарын" 6:1 эсебинде, "Чаткалды" 12:3 эсебинде утуп чыккан. Ал эми чейрек финалдык баскычта "Жаштык" командасы менен 6:6 эсебинде тең чыгып, буллиттер сериясында 3:2 менен жеңишти камсыздаган. Ошондой эле жарым финалда "Өзгөн" жаатын 6:1 эсеп айырмачылыгында жеңип финалга чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: