"Рустам Тыналиевдин стилинде". Адилет Мамасали уулу финалдык беттеште кооз салым салды (видео)
Бүгүн, 9-май күнү Улуу жеңиш майрамына карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айылында өтүп жаткан көк бөрү турниринин финалдык беттештери орун алууда. Алгачкы финалдык оюнда "Алай" командасы "Көк бөрү мектебин" 5:1 эсебинде жеңип, Биринчи Лиганын чемпиону болду.
Беттештин жүрүшүндө "Алайдын" оюнчусу Адилет Мамасали уулу көк бөрүдөгү эң кооз деп эсептелген салымдардын бирин жаратты. Ал 2-бөлүктүн 5-мүнөтүндө өздөрүнүн жарым талаасындагы чоң дододо өнөктөшүнөн улакты өткөрүп алды. Андан соң катуу ылдамдык менен атаандаштардын тайказанына келип, улак менен кошо тайказанга тулку боюн таштап, салым салууга жетишти.
Адилет Мамасали уулунун финалдык беттештеги кооз салымы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.