АКШнын биринчи айымы Жилл Байден Украинага барды (видео)
АКШнын биринчи айымы Жилл Байден Украинага барып, Украинанын биринчи айымы Елена Зеленская менен жолугушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Жилл Байден алгач согуштук аракеттерден улам үй-жайын таштап кеткен украиналыктарды убактылуу кабыл алуучу жайга айланган Ужгород шаарындагы мектепке барган.
"Мен Украинага энелер күнүндө келейин дегем. Украин элине бул согуш тез арада токтошу керектигин жана катаал кагылышта АКШ эли украиналыктарды колдой турганын көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм", - деп билдирген ал өз сөзүндө.
Эки мамлекеттин биринчи айымдары алгач маалымат жыйын берген соң өз ара жабык сүйлөшүү өткөрүп, убактылуу мектепте баш калкалап жаткан 200гө жакын жаран менен жолугушканы кабарланды.
Жилл Байден Ужгород шаарынан кийин Румыния жана Словакияга качып барган украиналык жарандар менен да жолугушканы маалымдалды. Ошондой эле Бухарест шаарындагы (Румыниянын борбору) украиналык качкындардын балдары окуп жаткан мектептен кабар алганы айтылды.
Жилл Байден менен Елена Зеленскаянын жолугушуусу

