super.kg logo
  Спорт  

Таластын ардагер оюнчулары финалда Чүйдү жеңип, Ардагерлер Лигасынын чемпиону болду

 

"Талас" командасы Улуу жеңишке арналган көк бөрү турниринин финалдык беттешинде "Чүй" командасын жеңип, Ардагерлер Лигасынын чемпиону болду. Финалдык беттеш 4:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Оюнда "Талас" командасынан Улан Кыбыраев өнөктөштөрүнүн жардамы менен 3 жолу салым таштаса, Улан Манапбаев 1 улак салды. Ал эми "Чүй" командасынан жалгыз салымды Эрмек Шекитов жаратты.

Муну менен "Талас" командасы 40 жаштан жогорку оюнчулар ойногон Ардагерлер Лигасынын жеңүүчүсу болду. Алар буга чейин Чолпон-Ата шаарында өткөн "Нооруз-2022" турниринде да дал ушундай эле "Чүй" командасы менен финалга чыгып, 4:2 эсебинде жеңилип калышкан.

Белгилей кетсек, бул жолку мелдеште "Талас" командасында Алтынбек Кожокулов, Урмат Шерипбеков, Улан Кыбыраев, Марлис Койгелдиев, Өмкетай Изабеков, Нурлан Мураталиев, Тынчтык Кабылбеков, Улан Манапбаев, Эсенбек Мамбетов, Нурлан Мамбетов, Бузу Самудинов жана Нурдин Кутманов баштаган улуу муундагы көк бөрүчүлөр оюн көрсөтүштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: