super.kg logo

Бишкекте индиялык студенттердин катуу сабалышы: Милиция үн катты

 

Бишкектеги ресторанда индиялык студенттердин катуу сабалган окуясын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчылары өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 102 кызматына 8-май күнү саат 02:12де Бишкек ШИИББине 2000-жылы туулган С.К. аттуу Индиянын жараны денесинен алган жаракатынан улам Улуттук госпиталга түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Анда милиция 2022-жылдын 7-май күнү саат 23:45 чамасында Индиянын жараны С.К. Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги кафеде достору менен отурганда үч белгисиз адам эч себепсиз денесине залал келтиргендигин аныктаган. Ошол эле күнү Индиянын жараны жогорудагы белгисиз адамдарга чара көрүү үчүн арыз менен кайрылган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдү табуу жана кармоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Кылмыш ишинин тергөөсү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө", - деп билдиришти Ленин РИИБинен.






Бишкекте индиялык студенттер катуу сабалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: