super.kg logo

Ырчы Азалия көз жарды. "Түркиялык дарыгерлер оңой төрөдүң дешти" дейт ал

 

Ырчы Азалия Дүйшөналиева менен жолдошу Данияр мырза кырк жылкылуу болушту. Ымыркай Түркиянын Стамбул шаарында 9-майда жарык дүйнөгө келди.

"Толгоо 12 саатка созулуп, кызыбыз 3 килограмм 200 грамм салмакта төрөлдү. Түркиялык дарыгерлер оңой төрөдүң дешти. Бир жыл мурда Стамбул шаарында баш кошконбуз. Быйыл болсо шартка байланыштуу кызыбыз ушул жерде төрөлдү. Бул жактын медицинасы жакшы экен. Наристеге ысымды чоң атасы коёт, азырынча тандай элекпиз", - дейт ырчы.

Эске салсак, Азалия Дүйшөналиева 2021-жылы сүйүктүүсү Данияр мырзага турмушка чыккан. Алар Түркиядан баш кошушкан.

Ырчы “Өмүр белеги”, “Жаныңда” деген ырлардын аткаруучусу, “Кыз-Бурак” тобунун мурунку солисти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: