super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровду Иран президенти Тегеранга чакырды

 

Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду.

Куттуктоо мамлекет башчынын расмий сайтына жайгаштырылды.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоо эки элдин тарыхына жана маданиятына сиңген көп жылдык мамилелеринин жаңы этабын ачып, аларды болуп көрбөгөндөй жакындатты.

Маданий-цивилизациялык жалпылыктар, жалпы улуттук салттар – өз ара мамилелердин негизин түзгөн эбегейсиз байлык. Дипломатиялык мамилелердин отуз жылында Иран Ислам Республикасы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу аракеттерди жасады. Эки өлкөнүн мамилелери маселелердин кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын жыйынтыгында түрдүү - мамлекеттик, аймактык, ведомстволор аралык, өкмөттүк жана жеке деңгээлдеги кызматташуу боюнча 120дан ашык документтерге кол коюлду.

Жогорку деңгээлдеги өз ара жолугушуулар жана үзгүлтүксүз өз ара консультациялар бардык багыттар боюнча мамилелерди мындан ары да кеңейтип, эки дос элдин ортосундагы байланышты чыңдоо боюнча негизги чараларды көрүүгө алып келери шексиз”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровду Тегеранга келип кетүүгө чакырып, ага ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: