super.kg logo

Ошто башка бирөөнүн бассейнин өзүнүн менчигиндей сатып жиберген коңшу өлкөнүн жараны кармалды

 

Ошто алдамчылык менен шектелип качып жүргөн коӊшу өлкөнүн жараны Ш.У. кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, шектүү 2021-жылдын 12-сентябрында Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун тургунун алдоо жолу менен 615 миң 550 сомун жана Тойота үлгүсүндөгү баасы 15 миӊ доллар турган унаасын алдап алып, изин жашырып кеткен.

"Ш.У. Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан муз тебүүчү аянтча менен бассейнди жабырлануучуга "менин менчигим, аларды, бардык тетиктерин сатам" деп жогорудагы белгиленген суммага сатып, акчасын жана машинасын алып, изин жашырып кеткен. Чындыгында ал объекттер бул шектүүгө таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок болгон. Кармалган учурда анын жанынан "тоо-токой коомдук фондуна" таандык жасалма күбөлүк чыккан", - деп билдиришти шаардык милициядан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү Ш.У. коӊшу өлкөнүн жараны, мурда 6 жолу соттолгон. Ош ШИИБнин кылмыш иликтөө кызматы бул шектүүдөн жабыр тарткан жарандар болсо төмөндөгү 102 жана 0703 22-20-20 телефондоруна кабарлап коюуну суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: