Бишкекте индиялык студенттерди сабаганга шектүүлөр кармалды
Бишкекте индиялык студенттерди сабаганга шектүүлөр кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалыматында жазылат.
Белгилүү болгондой, буга чейин социалдык тармактарда Бишкектин Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан кафеде белгисиз жигиттер индиялык жарандарды сабаган видео жарыяланган.
Аталган факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Н.С. жана 2000-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.