super.kg logo

"Мыйзамсыз жер тилкесин берген". Баткенде жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматынын мурдагы жетекчиси кармалды

 

Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматынын мурдагы жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, жер тилкесин жеке адамга мыйзамсыз түрдө өткөрүп берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөө бөлүмүнө мамлекеттик мекеменин жетекчиси жер тилкесин мыйзамсыз түрдө бергени тууралуу маалымат келип түшкөн. Атайын иликтөөнүн жыйынтыгында, жогорудагы кылмышка шектелип Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматынын мурдагы жетекчиси С.С. аттуу жаран кармалган. Ал 2007-жылы Б.А. аттуу жаранга Баткен шаарындагы аэропорттун кварталында жайгашкан Туура-Таш конушунан 1,50 гектар жер тилкесин берүү жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган. Ал эми 2019-жылы аталган токтомдун негизинде Баткен шаарындагы жергиликтүү каттоо органы тарабынан Б.А.га айыл чарба багытындагы жер тилкесин берүү боюнча мамлекеттик акты түзүлүп берилген.

"Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Баткен облусу боюнча жер жайгаштыруу экспедициясы билдиргендей Б.А.га берилген жер тилкеси 1992-жылдан бери жайыт катары пайдаланылып келгендиги маалым болду.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык жасалмачылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: