super.kg logo

Илон Маск "Starship" кемеси Марс планетасына качан уча турганын айтты

 

Аэрокосмостук "SpaceX" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жакынкы 5 жылда Марс планетасына учкучсуз уча турган "Starship" ракетасын жибере турганын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

"Марс планетасына учкучсуз "Starship" ракетасын 3 же 5 жылдын ичинде жөнөтөбүз деп ойлоп жатам. Эгер максатыбыз ийгиликтүү ишке ашса, жакынкы 10 жылда кызыл планетага толук бир экипаж менен атайын миссия жөнөтөбүз", - деп билдирген Маск маалымат жыйынында.

Ал ошондой эле "Starship" аба кемесин ишке киргизүү үчүн алгачкы аракеттер 2-3 айдан кийин башталарын кабарлады.

Буга чейин Илон Маск кызыл планетага болгон болжолдуу билет баасы 100 миң долларды түзөрүн айткан. Анын компаниясы жакынкы 10 жылда адамзатты жаңы планетага көчүрүү үчүн Марска шаар курууну пландап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: