super.kg logo
  Саясат  

Министрдин орун басары Баткен аймагын тажик шаары жана кино каарманы менен алмаштырып алды

 

Жогорку Кеңеште өлкө аймагында сел каптаган айылдар жана ал жерлерде алып барылып жаткан иштер тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары маалымат берип жатат.

Анын жүрүшүндө депутат Чыңгыз Ажибаев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдон анын отчётунда көрсөтүлгөн Исфана шаарындагы сел түшкөн сайлардын биринде кандай жумуш алып барылып жатканын сурады.

Буга министрдин орун басары жалпы Баткен аймагында министрлик тарабынан алып барылып жаткан иштерди айтып берди.

“Баткенде алдын алуу жана кесепеттерди жоюу боюнча жалпы 40 объект бар. Кызыл-Кыя шаарында 1 объект, Баткен району боюнча 6 объект, Кадамжай району боюнча 12 объект, Лейлек району боюнча жалпы 10 тилке жана кошумча бир тилке. Бул жерде Сүмбүл айыл аймагынын Айдаркен, Көк-Таш, айылдарындагы сел жүрүүчү сайларда механикалык тазалоо иштери жүрдү.

Ошондой эле Исфара шаарынын Нооданск, Тайлан тилкелери тазаланды”, - деди министрдин орун басары.

Депутат министрдин орун басарынан бир гана тилке боюнча маалымат сурагандыгын, Лейлекте “Сүмбүл” аттуу айыл жана “Исфара” аттуу шаар жоктугун эскертти.

Ошондой эле Сумбула аталышындагы айыл жана Исфана (Азыркы аталышы Раззаков) шаары бардыгын кошумчалады.

Маалымат катары:

Исфара – Тажикстандын Согди облусундагы шаар.

Сүмбүл - Түркиянын Осмон империясы тууралуу тартылган “Даңазалуу доор” аттуу сериалдагы каарман.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: