super.kg logo
  Саясат  

Депутат кумарканалар тууралуу мыйзамдын долбоорунда алешемдиктер көп экенин айтты

 

Жогорку Кеңеште кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Алгач мыйзам долбоору жабык каралмак болуп, кайра депутаттардын талаш-тартышынан кийин ачык каралмак болду.

Отурумда депутат Бактыбек Сыдыков мыйзамда алешемдиктер көп экенин айтты.

“Менин оюмча мыйзам али чийки, дагы иштелиши керек. Резервдик фонд жана лицензия тууралуу суроолор жаралууда. Лицензиянын баасы эмнеге мыйзамдын өзүндө каралган эмес”, - деди депутат.

Ошондой эле аталган мыйзамда так эместиктер көптүгүнө токтолду.

“Бул өзгөчө мыйзам долбоору болгондуктан бардык оюн эрежелерин ушул мыйзам долбооруна киргизели. Кыргыз жаранына тыюу салган ар бир пункту жазалы. Өтө көп жылчыктар бар мыйзам долбоордо, айыптар дагы минималдуу, келгиле экинчи окууга жакшы иштеп келгиле”, - деди Сыдыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: