Сауд Арабиянын мунай гиганты Apple'ды ашып өтүп, дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды
Сауд Арабиянын мунай гиганты болгон Saudi Aramco компаниясы (толук аталышы Saudi Arabian Oil Co) Apple Inc. компаниясын ашып өтүп, дүйнөдөгү эң кымбат компания аталды. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Saudi Aramco компаниясынын жогору көтөрүлүшүнө мунайдын баасынын өсүшү, ошондой эле технологиялык гиганттардын акцияларына суроо-талапты азайткан инфляциянын өсүшү себеп болгон. Бул компания 2,43 триллион доллардын тегерегиндеги рыноктук капитализациясы менен 2020-жылдан бери биринчи жолу Apple компаниясын ашып өттү.
iPhone өндүрүүчүсүнүн акциялары 3,9 пайызга (148,5 долларга чейин) төмөндөп, Apple компаниясынын капитализациясы 2,41 триллион долларга чейин түштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.