super.kg logo

Чоң-Алайдын тургундары мас абалда Toyota Estima менен Тажикстанга өтүп кетти. УКМК бул боюнча үн катты

 

Кыргыз жарандары мас абалда Toyota Estima унаасы менен Тажикстанга мыйзамсыз өтүп кетти. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 11-майда саат 20:30 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кароол-Дөбө участкасында Карамык айылынын 8 жараны Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен чек арадан мыйзамсыз өтүп, Тажикстандын аймагына кирип кетишкен.

УКМКнын чек ара отрядынын кызматкерлери аларды Кыргызстандын аймагына кайтарып, тергөө үчүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө жеткиришкен.

"Кыргыз Республикасынын Ош багыты боюнча жана Тажикстан Республикасынын Лахш багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жардамчыларынын жолугушуусу токтоосуз болуп өттү. Анын жүрүшүндө тараптар мындай көрүнүштөргө жол бербөө, ошондой эле окуяда пайда болгон маселелерди тез арада чечүү боюнча макулдашты", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: