super.kg logo

АКШда учкуч эсин жоготкондон кийин жүргүнчү учакты жерге кондурду (видео)

 

АКШда учкуч эсин жоготкондон кийин жүргүнчү учакты өз алдынча кондурууга үлгүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы Багам аралдарынын эл аралык аэропортунан Флоридага багыт алган Cessna учагынын бортунда болгон окуяны иликтеп жатат.

Анда эки жүргүнчү бир моторлуу Cessna үлгүсүндөгү учактын ичинде болгон. Учкуч белгиленген жерге 112 чакырым калганда эс-учун жоготкон. Жүргүнчү дароо кырдаалды аба диспетчерине билдирип, диспетчер учакты кантип кондуруу керектигин айтып бере баштаган.

"Бул жерде менин абалым оор. Учкуч эс-учун жоготуп койду, учакты кантип башкарууну билбейм", - деген жүргүнчү.

Аба кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкер жүргүнчүгө учакты кантип туруктуу кармап, төмөндөтүү керектигин үйрөткөн.

Натыйжада учак Флоридадагы Палм-Бич эл аралык аэропортуна аман-эсен конгон. Эс-учун жоготкон учкуч ооруканага жеткирилген. Ошондой эле АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын өкүлү окуянын чоо-жайын иликтеп жатканын тастыктап, учкучтун ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр бар экенин кошумчалаган.






Учкучу эс-учун жоготкон учакты жүргүнчү жерге кондурду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: