super.kg logo

Бостериде 50 жаштагы жаран мас абалда аялын сабап, ал каза болду

 

Ысык-Көл районунун Бостери айылында ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, милицияга аймактык ооруканада 44 жаштагы С.Т. аттуу жаран оор абалда ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Кылмышка шектүүнү сурак жүргүзүү учурунда 2022-жылдын 9-май күнү саат 20:00-21:00 чамасында жубайлардын ортосунда оозеки чыр-чатак чыгып, шектүү Ш.К. мас абалында аялын сабап, башына жана курсагына бир нече жолу уруп, дене жаракаттарын келтирип, андан соң аялынын эс-учун жоготконун көрүп, уктап жатып алгандыгы белгилүү болгон.

Эртеси 10-май күнү таңкы саат 06:00дө 2002-жылы туулган уулу Б.Э. үйүнө келип, апасынын эс-учун жоготкон абалында таап, "Тез жардам" чакырган. Ал эми 11-май күнү аял эсине келбестен каза болгон", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: