super.kg logo

Индияда улгайган жубайлар уулун балалуу болбогону үчүн сотко берди

 

Индиялык улгайган жубайлар уулу менен келинин бир жылдын ичинде балалуу болбосо компенсация төлөп берүү талабы менен сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, улгайган жубайлар Индиянын Уттаракханд штатындагы Харидвар шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Алар келини менен уулу бир жылдын ичинде балалуу болбосо, 50 миллион рупий (53 жарым миллион сом) өлчөмүндө компенсация талап кылышкан.

"Биздин уулубуздун үйлөнгөнүнө алты жыл болду. Бирок алар дагы эле балалуу болууну пландабай жатышат. Биз неберебиз менен убакыт өткөргүбүз келет", - деген улгайган жубайлар.

Жубайлар талап кылган компенсацияга беш жылдыздуу мейманканада үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө кеткен чыгымдар, баасы 6 миллион рупийден ашкан кымбат баалуу унаа, ошондой эле жубайлардын Таиланддагы бал айынын акысы кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: