super.kg logo
  Саясат  

Түркия президентинин администрациясынын өкүлү: "Түрк өлкөлөрү маалыматтык чабуулга чогуу каршы турушу керек"

 

Түркиянын Стамбул шаарында 13-15-май күндөрү Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) жогорку расмий өкүлдөрүнүн, медиа жана маалыматка жооптуу министрлеринин 4-жыйыны өттү. Иш-чараны Түркия президентинин администрациясынын Коммуникация башкармалыгы уюштурду.

"Акыркы жылдары түрк мамлекеттеринде жана ага жакын аймактарда орун алган окуялар түрк биримдигинин маанилүү жана зарыл экенин дагы бир жолу көрсөттү", - деди жыйында Түркия президентинин администрациясынын Байланыш башкармалыгынын жетекчиси Фахреттин Алтун.

Түрк мамлекеттери уюмунун негизи 2009-жылы Азербайжанда түптөлгөнүн, 2021-жылга чейин түзүм Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп аталып келгенин белгиледи.

Былтыр Стамбулда өткөн саммиттин жыйынтыгында Түрк мамлекеттери уюму деп өзгөртүлгөн.

Алтун ошондой эле заманбап дүйнөдө түрк мамлекеттери кабыла турган маалыматтык чабуулдар тууралуу да айтты.

"Биздин өлкөлөр эл аралык аренада маалыматтык чабуул жана жалган маалыматтарга каршы турушу керек болот. Ийгиликке жетишүү үчүн күчүбүздү бириктирүүбүз керек. Натыйжалуу ыкмаларды колдонуу, жалган маалыматка каршы алдын ала биргелешип кадам таштоо зарыл", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: