super.kg logo
  Саясат  

Уругвайдын президенти Хосе Мухика дүйнөдөгү эң кедей президент деп табылды

 
Президент бул фермада аялы экөө жашайт.
Президенттин кортежи.
Анын резиденциясын эки полиция кызматкери жана үч буттуу ити кайтарат.
Президенттин "эс алуусунан" бир көрүнүш.
Жумушка бара жаткан Хосе Мухика.
Аялы экөө гүл өстүрүп сатышат.
"Менин жашоом эң сонун! Бул жашоону өзүм тандап алгам" дейт Хосе Мухика.
1987-жылы чыгарылган бул унаа менен президент жумушуна келип кетет.

“Уругвай өлкөсүнүн президенти Хосе Мухика – эң кедей президент” деп  жазылат чет элдик маалымат каражаттарында. Анын минтип табылганынын да жөнү бар экен. Көрсө, 77 жаштагы президент алган айлыгынын (айлыгы 12 миң доллар) 90 пайызын кайрымдуулук иштерине жумшайт тура. Анан да ал президенттик резиденцияда жашоодон баш тартып, борбордон анча алыс эмес жайгашкан Монтевидеодогу фермасында жашайт. Эл катары эшигинин алдына тартылган кермеге кир жайып, кудуктан суу ташып ичет. Аялы экөө сатыкка деп атайын гүл да өстүрүшөт.

2010-жылы тапшырган декларациясында анын наамына баасы 1987-жылы чыгарылган 1800 долларлык Фольксваген Жук үлгүсүндөгү унаасы гана жазылган. Бул унаасы менен жумушка келип кетет. Аялынын наамына катталган 2 тракторду жана тамды кошкондо бул үй-бүлөнүн байлыгы 215 миң долларды түзгөн. 

Ал жашоосу тууралуу “Мени эң кедей президент деп аташат. Бирок мен өзүмдү кедеймин деп эсептебейм. Кедейлер булар – жомоктогудай жашоого умтулган, өзү тойсо да, көзү тойбогон адамдар. Менин жашоом эң сонун. Бул жашоону өзүм тандап алгам” деп айтып келет.

Эске салсак, Хосе Мухика 2009-жылы Уругвайдын президенти болуп шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: