super.kg logo
  Спорт  

2023-жылы Кытайда өтө турган футбол боюнча Азия Кубогу башка мамлекетке которулат

 

2023-жылы Кытайда өтө турган футбол боюнча Азия Кубогу башка мамлекетке которулат. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Кытай коронавирус пандемиясына байланыштуу Азия Кубогун өткөрө албай тургандыгын билдирген. Мындан улам Кытайдын футбол союзу жана Азия Кубогун уюштуруучу комитет АФК жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, ири футбол мелдешин өткөрүүнү башка өлкөгө тапшыруу чечимин кабыл алышкан. Ал эми мелдешти кайсы мамлекет өткөрө тургандыгы жөнүндө маалымат жакынкы күндөрү расмий түрдө берилери кабарланды.

Белгилей кетсек, Азия Кубогу АФКнын жетекчилигинде 4 жылда бир өткөрүлө турган ири футбол турнири. Ага Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин улуттук курама командалары катышат. Кыргызстан акыркы жолу 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүлгөн Азия Кубогунда мыкты көрсөткүч көрсөткөн. Анда улуттук курама командабыз тайпалык баскычтан суурулуп чыгып, 1/8 финалдык баскычта үй ээлери БАЭ менен күч сынашкан. Аталган беттеш, тилекке каршы, 3:2 эсебинде БАЭнин жеңиши менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: