super.kg logo

Түркмөнстанда көчөдө кол кармашып жүргөн түгөйлөрдү полиция кармап жатканы айтылды

 

Түркмөнстанда коомдук жайларда кол кармашып жүргөн ондогон түгөйлөр полиция кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, түгөйлөр улуттук каада-салттарды бузууга айыпталып кармалган. Алардын бардыгы колдоруна кишен салынып, тиешелүү мекемелерге жеткирилген.

"Жубайым экөөбүз үйдөн чыкканбыз. Ошол учурда жаныбызга полициянын унаасы келип токтоду. Ичинен кызматкер жубайым экөөбүзгө унаага отуруп, атайын бөлүмгө түшүндүрмө берүү үчүн барышыбыз керектигин айтты", - деп билдирген кармалгандардын бири.

Анын айтымына караганда, полиция бөлүмүндө үй-бүлөсүнө телефон чалып, жубайы менен мыйзамдуу түрдө баш кошкондугун тастыктоо үчүн документтерин алып келип берүүсүн талап кылышкан. Ага карабай түркмөндөрдүн улуттук баалуулуктары жөнүндө баяндама айтып берүү талабы коюлган.

Кармалгандар коомдук жайларда экинчи мындай иш-аракет жасабоо тууралуу кагазга кол коюп бергенден кийин гана коё берилген.

Түркмөнстанда Сердар Бердымухамедов президенттик кызматка келгенден бери аялдарга карата чектөөлөр күч алганы айтылууда. Буга чейин да полиция кызматы көчөдө тырмак жана кирпик коштурган кыздарды кармап жатканы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: