super.kg logo

Нур-Султандагы көчөлөрдүн бирине Бириккен Араб Эмираттарынын каза болгон президентинин ысымы ыйгарылат

 

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын көчөлөрүнүн бирине Бириккен Араб Эмираттарынын каза болгон президенти Халифа бин Заед Аль Нахайяндын ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу Акордага таянып казакстандык басылмалар жазышты.

Белгилүү болгондой, Касым-Жомарт Токаев БАЭ президенти Халифа бин Заид Аль Нахайяндын каза болгондугуна байланыштуу жаңы шайланган президенти Мохаммед бин Заид Аль Нахайянга, үй-бүлө мүчөлөрүнө жана эмират элине көңүл айтуу үчүн барган.

Жолугушууда Токаев Мохаммед бин Заид Аль Нахайанды БАЭнин президенти болуп шайланышы менен куттуктап, анын жетекчилиги астында Эмираттар мындан ары да гүлдөп-өнүгө берерине ишеним билдирген.

Өз кезегинде БАЭ президенти Казакстандын лидерине оор учурда келген сапары жана жеке колдоосу, ошондой эле Казакстандын борборундагы көчөгө Шейх Халифанын ысымы ыйгарылганы үчүн ыраазычылык билдирген. Жолугушуунун соңунда Токаев БАЭ президентин Казакстанга расмий сапар менен келүүгө чакырган.

Маалымат үчүн: Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халифа бен Заид Аль Нахайян узакка созулган оорудан улам каза болгон. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Абу-Дабинин мураскор ханзаада шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: