Нью-Йоркто супермаркеттеги ок атуудан 10 адам көз жумду
Нью-Йорктун Буффало шаарындагы супермаркетте белгисиз адам ок чыгарып, анын кесепетинен 10 адам көз жумуп, үч адам жаракат алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматта айтылгандай, жаракат алгандардын экөө өтө оор абалда.
"Ок чыгарган жаран автомат мылтык колдонгон. Ал камуфляждык форма, каска жана бронежилет кийип алган.
Полиция кызматынын маалыматына ылайык, ок чыгарган жаран кармалган. Ал өмүр бою эркиндигинен ажыратылышы ыктымал. 18 жаштагы ок аткан жигиттин мындай кадамга барышына расалык жек көрүү себеп болгон", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.