super.kg logo
  Спорт  

Футбол: "Мариуполь" командасы Украина чемпиондугуна катышпайт

 

"Мариуполь" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Остап Маркевич клуб Украина чемпионатынын кийинки сезонуна катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

"Мен "Мариуполь" клубу кийинки чемпионатка катышпай турганын билем. Биздин бардык инфраструктурабыз талкаланган жана команданы каржылоо мүмкүн эмес. Менин билишимче, жетекчилик тыныгууну чечти, андан ары эмне болорун билбейм, балким бир нерсе өзгөрөт. Учурда футболчулар менен түзүлгөн келишимдер токтотулду”, - деген Маркевич.

Эске салсак, футбол боюнча Украина чемпиондугунун быйылкы сезону жокко чыгарылган. 2021/2022 сезонунда Украинанын Премьер-Лигасынын турнирдик жадыбалын 18 оюнда 47 упай топтогон "Шахтёр Донецк" жетектеп турган. Экинчи орунда "Динамо Киев" (45) болсо, үчүнчүдө 40 упайы менен "Днепр-1" келе жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: