super.kg logo
  Саясат  

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлеринин жолугушуусу өттү

 
Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлеринин жолугушуусунан көрүнүш

Ташкентте бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстандын жана Өзбекстандын премьер-министрлери Жантөрө Сатыбалдиев менен Шавкат Мирзийоевдин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын премьер-министри Сатыбалдиев баш болгон кыргыз делегациясын кабыл алып жатып, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кызыкдар экенин белгилеп өттү.

Мындан сырткары кылымдар бою кошуна жашаган элдин диний жана маданий окшоштуктарын айтып, жолугушуунун жыйынтыгында эки тарапка тиешелүү маселелерди чечүүдө бирге иш алып баруу боюнча бир чечимге келерине ишенерин билдирди.

Жантөрө Сатыбалдиев Өзбекстан менен соода экономикалык байланышка биздин өлкө маани берерин кошумчалады. “Бүгүнкү биздин жолугушуу эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө үмүт берет”,- деди Сатыбалдиев. Ошондой эле чек арадагы райондорун байланышы тууралуу маселенин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Премьер-министрлер суу-энергетика, жаратылыш газы, минералдык ресурстар, кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун соңунда Сатыбалдиев Мирзийоевди Кыргызстанга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: