super.kg logo

Беларусь министри ЖККУнун курамына дагы он чакты өлкө кирерин билдирди

 

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) кеңейет. Бул тууралуу Беларустун коргоо министри Виктор Хренин билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.

"Менин оюмча, уюм кеңейет. Биз жакында дүйнө тартиби кандай өзгөрөрүн көрөбүз. ЖККУ өзүнүн күжүрмөн даярдыгын, тынчтыкты сүйгөндүгүн көрсөттү. Менимче, бир нече жылдан кийин уюмдун карамагында 6 өлкө болбой калат. Уюмга башка мамлекеттердин саясий системасындагы агрессивдүүлүктү жана өзгөрүүнү эмес, тынчтыкты жана туруктуулукту баалаган ондогон мамлекеттер кошулат", - деген Хренин.

Хрениндин айтымында, ушул жылдын аягына чейин ЖККУда радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоону калыптандыруу пайда болот.

Учурда ЖККУга алты мамлекет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Бүгүн, 16-майда ЖККУнун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Буга байланыштуу Кремлде уюмдун юбилейлик саммити өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: