super.kg logo

"Мас болуп алып таарынычын эстеген". Караколдо киши өлтүрүүгө шектүүлөр колго түшүрүлдү

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында адам өлтүрүүгө шектүүлөр колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуяга таарыныч себеп болгон.

Окуя 11-майда орун алган. Анда болжол менен саат 21:30 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө кошуна үйдөгү тургун жардам сурап кыйкырганы кабарланган. Жерине ыкчам-тергөө тобу жана мобилдик топтун экипажы дароо барышкан.

"Милиция кызматкерлери үйдүн терезесинен секирип, качууга аракет кылгандардын артынан түшүп, алардын бирин кармаган. Ал Чүй облусунун Сокулук районунун 28 жаштагы тургуну Т.У. экени аныкталган.

Ал эми коңшулар тарабынан чакыртылган "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери 38 жаштагы С.И`ни ооруканага алып кетишкен. Жабырлануучу бычактан көптөгөн жаракаттарды алган. Бейтап көп узабай эле Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 130-берене (ден соолукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ыкчам кызматкерлер тарабынан экинчи шектүү кармалып, ал Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынын 33 жаштагы тургуну О.У. экени белгилүү болду.

Алдын ала сурак учурунда кылмышка шектүүлөр күнөөсүн толугу менен моюнга алышты. Алардын айтымында, ошол күнү алар спирт ичимдигин ичип отурушкан. Андан кийин О.У. жабырлануучуга көптөн берки таарынычын эстейт. Бул учурда шериги жабырлануучунун үйүнө барып сүйлөшүүнү сунуштайт. Алар С.И`ни чакырып, үй ээси сыртка чыкканда таяк менен эсин оодара чабышат. Андан кийин аны үйүнө киргизип, ал жерден О.У. жабырлануучунун денесине бычак менен залал келтирген", - дешет Ысык-Көл ОИИБден.

Учурда Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр 2 айга камакка алынды. Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: