super.kg logo

Мамлекетке 11 миллион сомдон ашуун зыян келтирген капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды

 

Мамлекетке 11 миллион сомдон ашуун зыян келтирген капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Баткен шаарында жайгашкан облустук телерадиокомпаниясынын бүтпөй калган курулушун пайдаланууга кабыл алуу фактысы боюнча Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.

Аталган башкармалыктын жооптуу адамдары подрядчы «А.Э.» ЖЧКсы тарабынан аткарылган сметалык баасы 38 миллион 441 миң 57 сомдук Баткен облустук телерадиокомпаниясынын имаратынын курулушун акт менен кабыл алышкан.

Бирок прокурордук текшерүүдө подрядчы тарабынан 11 миллион 414 миң 987 сомдук курулуш иштери аткарылбагандыгы жана тапшырылбагандыгы аныкталып, жогоруда көрсөтүлгөн сумма тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча толук көлөмдө мамлекетке кайтарылды.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: