Веложарышчы Евгений Ваккер 2014-жылкы мелдештерде медаль тагынууну көздөөдө
Кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккер 2014-жылы апрелде Астанада өтүүчү Азия чемпиондугунда жана сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтө турган Азия оюндарында медаль тагынууну көздөп жатат. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Эркен Акрамов бүгүн, 28-ноябрда билдирди.
Ваккердин катышуусундагы акыркы мелдеш Испанияда өткөн Эл аралык жарыш болду. Анда өзүн кышкы эс алуунун алдында сынаган веложарышчы 17-орунду ээлеген.
Эске салсак, Евгений Ваккер карьерасында Азия чемпиондугун 4 ирет утуп, Азия оюндарында 5 ирет күмүш медаль тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
aziko1414
30.11.2013. 07:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















