super.kg logo

Бишкекте 890 миң сомдук унааны ижарага алып, сатып жибергенге 30 жаштагы жаран шектелүүдө

 

Бишкекте таанышынын жол тандабасын ижарага алып, андан ары сатып жиберген жаран аныкталды. Муну менен ал унаа ээсине 890 миң сом зыян келтиргенин Ленин РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя ушул жылдын январь айында болгон. Анда шаар тургуну чала таанышына ишенип Лексус ЛХ-470 унаасын ижарага берген. Ал эми ижарачы жол тандабасты башка адамдарга сатып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу 14-мартта милицияга арыз менен кайрылып, таанышына карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 209-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө 14-майда жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган К.А. колго түшүрүлдү. Ленин райондук соту тарабынан шектүүнү СИЗО-1ге 20 күнгө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Андан тышкары шектүүнүн үстүнөн 2 арыз түшүп, келтирилген материалдык зыян эсептелүүдө", - дешти маалымат кызматынан.

Эгерде сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(500) 404-040, 0(700) 425-344 же 102.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: