super.kg logo

Шри-Ланкада бир күнгө гана жете турган бензин калганы айтылды

 

Шри-Ланканын премьер-министри Ранил Викрамасингхе элге кайрылуусунда өлкөдө бир күнгө гана жете турган бензин калганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ошол эле учурда Викрамасингхе белгилегендей, бир күн мурда келген дизелдик отундун партиясынан улам дизель майынын тартыштыгы боюнча маселе жарым-жартылай чечилген.

Анын айтымында, Индия берген кредит боюнча дизель майынын дагы эки партиясы өлкөгө 18-майда жана 1-июнда келиши керек. Ошондой эле 18 жана 29-майда бензиндин партиясы өлкөгө келиши күтүлүүдө.

Викрамасингхе ошондой эле учурда өлкөдө электр энергиясынын төрттөн бир бөлүгү мунайдын эсебинен өндүрүлгөндүктөн электр энергиясынын күнүмдүк өчүрүлүшү суткасына 15 саатка чейин көбөйүшү мүмкүн экенин белгилеген.

Эске салсак, Ранил Викрамасингхе өлкөдөгү курч экономикалык жана саясий кризистен улам 13-майда премьер-министрликке дайындалган.

Буга чейин Шри-Ланкада бир нече апта бою өлкөдөгү эң оор экономикалык кризистен улам премьер-министр менен президенттин кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар өткөн. Көп өтпөй тынч демонстрациялар кагылышууларга айланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: